www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Өмүрбек Бабанов дагы дөөрүдү

Ооо, баягы эле Бабанов Ош шаарында эл менен жолугушууда кытай лапшасын илип оюна келгенди дагы оттоду. Ишенбесеңер тасмадан көргүлө. Кызык өтө кызык.

БӨТтүн айтымында Билим берүү тармагында жашоо шартка туура келген нерселерди үйрөтүш керек экен. “Мына балдарыбыз мектепти бүткөндө “Банковский карточка” бар го ошону колдонууну билишпейт”, - дейт. Бабанов адашып өзү колдонуп жүргөн нерселерди айтып алган жокпу?

Урматтуу Өмүрбек Бабанов, биринчи мектептердин шартын, мугалимдердин абалын, окуу куралдарын камсыздап анан тиги “Банковский карточканы” дээринде бары 5 мүнөттө эле үйрөнүп алат. Сиз кайдагыны дөөрүбөй, так ушул тапта Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жаткан, кыргыздын паспортунда “улуту” деген графаны алып салса да унчуга албай Жогорку Кеңеште тымпыйып, “аталага тойгон күчүктөй” болуп олтурасыз го.

Кыскасы калп эле күйүмүш боло бербегилечи, мамлекетти көтөрөбүз десеңер, кыргыздын улуттук идеологиясын даңазалап, элдин жашоо-шартын оңдогула. Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов тээ илгери Аскар Акаевге тийишип мындай деген макал айткан эле “авал элиңни бак, суң чилдирманиңни кок” деп. Бул сөздү кыргызча которгондо, “Биринчи элиңди бак, анан  домбураңды как” дегенди түшүндүрөт. Элириштин да эби болот Өмүрбек мырза. Эл менен жолугушууда кеңешчилериңер менен кеңешип койсоңор, “кайсы сөздө кандай жооп берсем болот”, деп...

Кыргызстанда кыргыздар техника жактан өнүккөндөй Япониядай мамлекетте жашап жаткан жок. Элге заманбап шарт түзүп бергиле, жок дегенде мектеп менен жолдоруна, анан “Банковский карточканы” 1 саатта үйрөнүп алып Сизге сынак тапшырабыз. Кошумча, анан кычык-мычык айылдарга чейин "банкомат" койдуруп койсоңуз. Банкомат жок болсо, Сиз айткан карточканы айылдагылар мурдуна сайып алмак беле?

Ташатаров Бешатар, NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Японияны кыялданган сөздөрүн төмөнкү тасмадан көрө аласыздар.

Последние новости