www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар өлкөсү менен бардык мамилени үзгөн Сауд арабия бийлиги жарандарына Qatar Airways деген жазуусу бар "Барселона" футбол клубунун футболкасын кийүүгө тыюу салды. Аталган компания каталондук "Барселонанын" демөөрчүсү болуп келип, футболкасында логотиби жайгашкан. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Сауд арабияда бул футболканы кийген адам 135 миң евро айып төлөп, 15 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн. Мындай тыюу салуу Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Египет жана Бахрейнде да болушу күтүлүүдө. "Барселонанын" футболкасына жаңы сезондон тарта япон компаниясынын логотиби басылат.

Эске салсак, Сауд Арабиясы Катар бийлигин террористтик уюмдарды колдоодо деп айыптап жаткан өлкөлөрдүн катарында. Акыркы маалыматтар боюнча Сауд Арабиясынан тышкары Бахрейн, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Мальдив аралдары, Ливиянын чыгыш бөлүгү Маврикий аралы жана Мавритания Катар менен террордук уюмдарды колдойт деген киненин негизинде дипломатиялык алакаларын үзгөнү турат.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москав шаары

Последние новости