www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу талкуунун катышуучуларынын бири Назира Бегим билдирди: "Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерде 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз", - дейт.  

Талкуунун жүрүшүндө Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин, жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айткан. "Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп, өзүнө, күйөөсүнө көӊүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө "иммунитет" жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот", - деди Чубак Жалил.

Баса, токол алгысы келгендер казак боордоштордун төмөнкү тасмасына көңүл буруп койсоңуздар: 

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости