www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Де-Факто” гезитин сотко бериптир. Көрсө, аталган гезит аны "Максим Бакиевдин долбоору” катары сыпаттап, өкүртө сындаптыр. Бакытты карапайым эл жаңыдан өсүп келаткан жаңы муундагы саясатчы катары тааныйт.
Өзү айрым бир шайлоолордо жакшы процент алганына кудуңдап, президенттикке жулунуп жаткан чак. Эгер эл колдогон саясатчы болгуң келсе туш-туштан айтылып турчу сын-пикирлерге алдын-ала даяр болушуң керек. “Де факто” биринчи жазыптырбы муну?
Парламенттик шайлоо кезинде “Бакиевдердин акчасын чачып жатат”,- деп жазбаган деле ММК калган жок го. Ага эл ишенип калдыбы? О күндү, унутту.
Бирок, ошону кайра козгоп, гезитти сотко берип, 5 миллион доо койгонун кантебиз. Же “чын чычалайт” болуп жатабы? Эмнеси болсо да, саясатчы үчүн гезитти сотко берүү аброй алып келбейт.
Булак: "Майдан.кж"