www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда Республика-Ата-Журт партиясынын лидери эл менен жолугушту. Жыйында жергиликтүү тургундардын бири Бабановго, "Сиз эмне үчүн Кыргызстанда иш жок болуп жатса Пензага завод курасыз?",-деген суроого,

"Ооба, Пензада завод курдум. Анын эмнеси туура эмес?! Мага Кыргызстанда бизнес жасоого Бакиевдер мүмкүнчүлүк бермек эмес. Ал биринчи себеби. Экинчи себеп маркетинг деген бар. Эмне үчүн Азербайджан, Армян, Казакстандыктар Россияда бизнес завод курса болот а мага болбойбу?! Кыргызстанда мага окшогон жигиттер байып башка жака завод курса, мен сүйүнөм, абдан. Кургула колуңардан келсе. Мен да шериктештерим менен бирге, кредит алып кургам", - деди Республика-Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Бул тууралуу маалыматты “Взгляд.кж” сайты жазып чыкты.

Ошондо Өмүрбек Бабанов дагы эле Бакиевдерден коркуп жүрөбү? Бизге жеткен такталбаган маалыматтар боюнча Максим Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын угуп калдык эле.

Баарынан дагы суроо берген жаранга Өмүке аябай эле кекетип жооп бериптир го чиркин. Эмитен калчылдап, “чет өлкөгө завод курам” десе, азыртан этегин жыйнап кете бергени оңбу? “Кургула завод колуңардан келсе” дегени эмнеси? Катардагы жарандарга президент болбой жатып, “колуңардан келсе” деген сөз айтса, президент болгондон кийин, бул кишинин колунан жакшылык келбейт десек болот.

Өмүке, Сиз дагы биринчи колуңуздан келсе президент болуп алыңызчы? Бизге жеткен маалыматтарга караганда Сизди Атамбаев президенттикке өткөрбөйт экен.

Баса, БӨТтүн мындай пикирине экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, "Пензага завод курса болот. Бирок, "Кыргызстанга президент болом" деген адам заводду Кыргызстанга куруш керек эле. Айыл-чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн арзан кредиттин 17 миллион долларын аялы куруп жаткан магазинге алып бербеш керек эле..." - деген пикирин билдирди.

Ташатаров Бешатар, NazarNews.kg

Последние новости