www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базарда жүрөм. Түркүн-түстүү белек-бечкектер сатылчу жайга келдим. Сатуучу менен бир жаш бала сүйлөшүп жаткан. Сатуучу да балага карап, “Кечирип кой, балам. Бул куурчакты сатып алууга сенин акчаң жетпейт экен да” дегенин угуп калдым. Ошол кезде, тиги балакай да мага карап, “Чын эле акчам жетпейт бекен, сиз да бир эсептеп көрүңүзчү?” деп акчасын сунуп калды.

Акчасын эсептедим, “Чын эле акчаң жетпейт турбайбы” дедим. Бала куурчакты кайра ордуна койбой, колуна кармап турган болчу. “Куурчакты кимге алып бермексиң” деп кызыгып суроо бердим. “Ушундай куурчакты карындашым аябай жакшы көрөт. Туулган күнүнө белек катары бергим келип турат. Куурчакты апамдан берип жиберем.”

Айтып жатып, көзү жашылданып кетти. “Карындашым Кудайдын жанына кетти. Атамдын айтуусуна караганда апам да эртең же бүрсүгүнү карындашымдын жанына барат экен.”

Оозума сөз келбей калды. Мындай кичинекей баладан денени дүркүрөткөн сөз угам деп эч күтпөгөн болчум.

“Апамды кетпей турсун деп атама айттым. Мен карындашымдын туулган күнүнө белек алып келе калайын деп базарга чуркап келдим. Сүрөтүм да бар жанымда. Карындашым мени унутуп калбасын деп сүрөтүмдү да берип жиберейин деп атам. Апамдын кетишин эч каалабайм. Аны аябай жакшы көрөм. Бирок, атам баары бир кетет деди” деп жылмайып турган өзүнүн сүрөтүн мага сунду. Сүрөттү бир карап, өзүн да бир тиктедим. Куурчакты бир аз маанайы түшүп карап туруп калды.

Мен ага байкатпай, капчыгымдан бир аз акча алдым да, “Кел, балким акчаң жетип калаар. Башынан бир эсептейли” деп акчасын сурадым. Анын акчасына өзүмдүн акчамды кошо коюп эсептедим да, “Жетмек түгүл, бир аз ашып да калат экен” деп айттым.

Баланын жүзү нурланып кетип, “Кудай сага ыраазымын!” деп кыйкырып жиберди. Сүйүнүп кетип, мага карады да, “Билесизби, кечээ кечинде уктаарга жакын, Кудайдан куурчакка акчам жетип калса экен деп аябай суранып дуба кылганмын. Менин дубам кабыл болуптур. Анан, апама да атыр гүл сатып алганы жетип калса экен дегем, бирок сугалактык кылбайын, бир гана нерсени суранып турайын деп, апам жакшы көргөн атыр гүлдү ичимден гана ойлоп койгон болчум да. Мынакей, караңызчы, гүлгө да жетет окшойт. Апам атыр гүлдү аябай сүйөт.”

Менин маанайым таптакыр өзгөрдү. Буга чейин кыжалат болуп аткан нерселерим дароо жокко чыгып кетти. Базардагы зээндүү, акылы тунук баланы эч унута албай койдум.

Эки күн мурда жергиликтүү гезиттен бир мас айдоочу унаасын өтө катуу айдаган абалда, жолдон чыгып кетип, бир эне-кызды уруп кетип, кыз дароо жан берип, ал эми энеси оор абалда өзүнө келбей жаткандыгын окуганым эсиме түшүп кетти. Ошол баланын үй-бүлөсү бекен деп кабатыр болдум.

Эртеси радиодон, үч күн мурда автокырсыктан улам комада жаткан аялдын каза болгондугун уктум. Өзүмдү араң кармап турдум. Атыр гүлдөн бир десте жасатып алып, аза күтүшүп коеюн деп карангүн түшкөн үйдү таап бардым. Аялдын сөөгүнүн жанында жылмайып турган баланын сүрөтү, куурчак менен ак атыр гүлдү көрүп, көзүмдөн жаш мөлт-мөлт куюлуп кетти. Көпчүлүк арасынан бала мени байкабады. А мен кайгырып турган ата-баланы аяп эч нерсе кыла албадым. Мас болуп алып, унаа айдаган белгисиз адамды жек көрүп турдум.

Жашоо эң кымбат. Бир-бирибизди терең урматтоо менен, сыйлашып жакшы көрүп жашайлы. Балдардын маңдайына ар убак ата-эне бекем ден соолукта эсен болушсун. Эне кыздын жайы бейиштен болсун дегенден башка дуба кыла албадым.

Аталган агемени англис тилинен которгон Жыргалбек Ажиматов

Алишер Имамов: Китепти сатып алуу үчүн  0558 099925 номуру аркылуу байланышсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости