www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жайгашкан госпиталда коронавирус аныкталган бейтаптарды караган медицина кызматкерлери ооруканада 9-май — Улуу Жеңиш күнүн майрамдашып, спирттик ичимдиктерди ичип олтурушкан. Ошол үч кызматкерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Нарын ОИИББинен билдиришти.

"Аталган факты КР Жоруктар жөнүндө Кодексинин 127-'беренеси "Чектөө иш-чараларынын (карантиндин ) талаптарын эрежелерин бузуу" фактысы менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Үч кызматкердин бул окуясы видеого тартылып, ал социалдык тармактарга тарап кеткен. Жергиликтүү булактын айтымында, госпиталга коронавирус аныкталган райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун жолдошу менен баласы жаткырылган. Аларды 1 дарыгер, 1 медайым карап, 1 кенже кызматкер кызмат кылып жаткан. Иш учурунда тартылган видеодон медицина кызматкерлери дасторкон жайып отурушканын жана ичимдик ичип, каалоо-тилектерин кесиптештерине жолдоп жатышканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодон бутка кийиле турган бахиланы башына кийип алганы көрүнгөн.

Бул тууралуу кесиптешибиз оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Салтанат Султановага кайрылган. Анын айтымында аталган кызматкерлердин бири оорукананын соматика (терапия) бөлүмүнүн башчысы С.Б. болсо, жанында отурган медайым Н.Ж. жана кенже кызматкер Д.к.М. болгон.

«Бул маселени алар обсервациядан чыккандан кийин карайбыз. Алар 28-майда чыгышат. Кесиптештерибиз коронавирус менен ооруган кишилерди дарылашкан. Акыркы болуп келген бейтаптын абалы оор болгондуктан, кардиолог, терапевт катары бөлүм башчыны киргизген элек. Бир тасма булардын жасаган бүтүндөй ишин жууп кетти. Биздин аткарган жумушубузду төгүп, чайкап салды. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк» болбойт экен. Дарыгер 38 жылдан бери эмгектенип келсе, медайымыбыз 22 жылдан бери иштейт», - деди Султанова.

Аталган кызматкерлердин видеосу социалдык тармактарга тарагандан бери ар кандай сын-пикирлер айтылып, талкуу жүрүп жатат. 


Булак: NazarNews.org

Последние новости