www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министрлиги - украин аскерлеринин байланыш борборун учкучсуз учуучу аппарат менен жок кылынганы тартылган кадрларды жарыялады.
Видеодо ийне жалбырактуу токой ортосундагы кичинекей ачыктыкта турган Украинанын байланыш түйүнүн көрсө болот. Кийинки кадрларда байланыш пункту башкарылуучу ракетанын тике соккусу менен жок кылынат.
«Украинанын куралдуу күчтөрүнүн токой аймагында табылган камуфляждуу байланыш борбору учкучсуз учуучу аппараттын жогорку тактыктагы ракеталык куралынын так соккусунан улам иштен чыкты», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg