www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир катар алтын кендерге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Акылбек Жапаров Иштамберди кенин иштетип жаткан «Фул Голд Майнинг Компани» жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты.
«Фулл Голд Майнинг Компани» компаниясынын маалыматы боюнча, ишканада иштегендердин 91%ы – жергиликтүү тургундар. Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканадагы технологиялык процесстерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Андан соң Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы кен казып жаткан Терек-Сай кенине барды. Ал учурда тесттик тартипте иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдык сактоочу жайларды көрүп чыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасы ишканада техникалык жана экологиялык ченемдерди сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Булак: NazarNews.kg