www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын «Россия-24» телеканалы Кабулдун «Интерконтиненталь» мейманканасындагы терактта мерт болгон жети украин жаранынын арасында Украинанын Тажикстандагы жана Ооганстандагы элчиси Виктор Никитюк дагы болгонун билдирди. Элчи менен анын туугандары телеканалдын бул жаңылыгына таң калышууда.

Никитюк анын өлүмү тууралуу билдирүүнү жаңылыштык деп эсептебейт. Айтымында, бул Орусиянын мамлекеттик телеканалынын чагымы.

«Талибан» кыймылынын жоочулары Кабулдагы мейманканага 20-январда кол салышкан. Анда каза тапкандардын арасында жети украин жараны болгон.

«Менимче, бул билдирүү — коомчулуктун көңүлүн Орусиянын «Талибан» кыймылын колдоп, Ооганстанга каршы гибриддик согуш жүргүзүп жатканынан башка жакка буруу аракети. Ал согуш менен Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушунун окшош жактары бар», — деп эсептейт дипломат.

Булак: "centralasian"

Последние новости