www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астрономдор өткөн жылы табылган Жер шарынын чоңдугундай 7 планетадан экөөндө жашоо мүмкүн экенин маалымдады.

Американын космос жана авиация штабы НАСАнын өткөн жылы Күн системасынын тышындагы Trappist-1 жылдызынын орбитасында Жер шарынын чоңдугундай 7 планета табылышы менен жер шарынын тышындагы бир жерде жашоо болуп же болбогонун табыш үчүн маанилүү кадам ташталды.

Планеталарга дагы жакындан караган илимпоздор, Trappist-1 жылдыз системасындагы планеталар жана ичиндеги чырмалышкан түзүлүштү изилдеди.

Изилденген 7 планетанын алтысында муз же суюктук түрүндөгү суу бар экенинин натыйжасы чыгарылды.

Андан кийинки баскычта планеталардын бетиндеги жылуулук өлчөмүнүн түшүнүлүшүнө аракет кылынды.

D планетасында орто эсеп менен жылуулук 15 градус экени эсептелди.

Бул жер шарындагы орточо жылуулукка аябай жакын.

Е планетасындагы орточо жылуулуктун болсо Антарктикадагыга жакын экени, бул планетада да жашоо болушу мүмкүн экени эсептелди.

Ушул максат менен планеталардын орбиталары да изилденди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бул планеталардан экөөндө жашалса боло турган шарттар боло ала турганы белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости