www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-августта Зеленоград шаарындагы "Плов-центр" кафесинде мас абалында келген киши ок чыгарган. Натыйжада бир адам окуя болгон жерде жан берип, экөө жарадар болгон. Каза болгон 33 жаштагы Химидулло Халдаров Кыргызстандын жараны экени айтылды.
Москва прокуратурасынын маалыматы боюнча, Зеленограддагы кафелердин биринде 26-августка караган түнү кардарлардын ортосунда жаңжал чыккан. Эркек киши куралдан ок чыгарып, натыйжада бир адам ошол жерден каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, кафеге мас адам кирип, спирт ичимдигине буйрутма берген. Анан залды кыдырып жүрүп, эки эркек жана бир аял отурган столго барган. Дасторкондо отургандар ал кишинин кетишин суранышканда, адам тапанчасын алып чыгып ок чыгара баштаган. Биринчи ок терезеге, калгандары отургандарга тийген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя 26-августта Зеленоград административдик районунда жайгашкан кафелердин биринде болгонун билдирди. Башкармалыктын маалыматы боюнча, адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө шектүү ок атып, андан кийин качып кеткен.
«Алган жаракатынан улам Кыргызстандын 33 жаштагы Х.И. атту жараны ошол жерден каза болуп, дагы бир кыргызстандык К.Р.М. ооруканага жаткырылды. Шектүү кармалып, кылмыш иши козголду. Ал Орусиянын 38 жаштагы К.П.Л. атту жараны экени аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин юристтери маркумдун жакындары менен байланышта», - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Булак: NazarNews.kg