www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 13 жаштагы кыздын ашказанынан бир килограммдан ашык чач алынып салынды. Бул тууралуу казак басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя Казакстандын Жамбыл облусундагы ооруканалардын биринде болгон. Ооруканага ичи ооруп кайрылган кыздын ашказанында бир нерсе бар экенин дарыгерлер айтышкан. Кийин кызга операция жасалып, дарыгерлер ашказанынан узундугу 40 сантиметрге жеткен чач алып чыгышкан. Үймөк чач ашказанды толтуруп, тамак сиңирүү системасын бузгандыктан өспүрүм арыктай баштаган.

Дарыгердин айтуусуна караганда, психикалык жактан абалы туруктуу болбогон адам чач жейт. Алгач чачын оозуна салганды адат кылып, кийин чачты жей башташат.

Учурда жасалган операция ийгиликтүү аяктап, бейтаптын абалы турукту экени айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости