www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жеңиш мырза, жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү белгиленди. “Замандаш” катышабы? 

-- Буюрса, “Замандаш” сөзсүз катышат. Бирок, кайсы шаарларда катышарыбызды айтуу бир аз эрте. Анткени, команда топтолуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларына катышарыбыз анык. Ал эми Ош шаары боюнча маселе жаралып жатат. Партия шайлоого катышкандан кийин сөзсүз түрдө утуп келүүнү максат кылат. Эки аптадан бери шайлоо өтчү шаарларда жарандардын ашыкча катталышы боюнча кеп-сөз удургуп жатат. Ошто эле 36 миң адам (бүгүнкүгө чейин 40 миңден ашса керек), Токмокто 6 миң, Караколдо 2 миң адам катталыптыр. Бул коркунучтуу нерсе. Себеби, Ошто 140 миң шайлоочу болсо, 40 миң кошулса, 180 миң шайлоочу болуп кетет. Демек, 20-30 миң добуш бир партиянын чөнтөгүндө бар дегенди билдирет. Менимче, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо партиялардын орду чечилип калды.  Ошондуктан, аябай ойлонуп, этияттык мамиле менен шайлоого баруу керек. 

-- Шайлоо алдында жарандарды шаарларга чукул каттоону токтотуучу механизмдер жокпу?

-- Чукул каттоо аябагандай чоң мыйзам бузууга алып келди. Биринчиден, муну мыйзам менен бөгөт коё албайт экенбиз. Парламентте депутаттар ушинтип айтып жатышат. Ошол эле учурда укук коргоочуларга да кыйын болду. Алар да “кайсы бир мыйзам же токтом, чечим менен жарандардын эркин жүрүшүн токтото албайбыз” дешет. Бирок, турак жай кодекси бар да. Анын 45-беренесинде “жаран каттоого турарда ар бир катталчу жаран үчүн турак жай 12 кв/метрден кем эмес болуш керек” деп так көрсөтүлүп турат. Ал эми 1300 адамды каттоого алып жаткан үйдүн аянты канча? Экинчиден, 22-мартта жалпы элдик каттоо болот. Эл каттоо кандай таризде өтөт? Айылдан кетип калган адамдарды бир үйдөн таап чыгышат да, алардын өз жерлеринде катталганы чыкпай калат. Үчүнчүдөн, акылга сыйбаган мыйзам бузуу болуп жатат. Муну парламент да байкамаксан болуп, тымпыйып унчукпай отурат. 2019-жылдын 8-августунда өзгөртүү киргизүү менен кабыл алынган “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө “тизме шайлоого 60 календарлык күн калганга чейин бекитилиш керек” деп так жазылып турат. Шайлоо күнү 12-апрелге белгиленген буйрук чыкты. Демек, 12-февралда тизме чыгыш керек эле. Бул жерде БШК мыйзамды бузду. Өзүнүн токтомунун негизинде тизмени жарыялоону 10 күнгө кечиктирип,  22-февралга жылдырып койду. Мындайча айтканда, конституциялык мыйзамды БШКнын токтому менен бузушту. Төртүнчүдөн, бир үйгө миң, мамкаттоо кызматкеринин үчүнө 400-500-600 жаранды катташты. Тойдун эртеси да болот, шайлоо да өтөт. Шайлоодон кийин азыр чуркап, тыйынын берип, убара кылбай, паспортторун чогултуп алып, өздөрү каттап жаткан партиялардын бири табылбайт. 500-1000 адам кантип кайра айылдарына барып каттоого турушат? Бешинчиси, бир үйгө каттоого турган миң адамдын жок дегенде 500ү унаа айдайт. Айып пулдары үй ээсине келет. Бирөө справка алат, бирөө каза болот, бирөө ооруп калат, дагы бирөө кредит алат. Алар ал жерде каттоодо эки ай турат. Ушунун баары проблема да. 

-- Өкмөттүн ишине такыр ичи чыкпай, сындап келгендердин бирисиз...

-- Эгер “5ке чейинки шкала боюнча өкмөттүн ишине канча деген баа бересиз?” деп сурасаңыз, мен дароо эле “0 деген баа берем” деп жооп берем. Мен бул оюмду дайыма айтып келем. Өкмөттүн ишин мен терс баалайм. Эмнеге? Анткени, экономикабыздын абалы өтө оор. Өкмөт өзү уялбай, телерадиолордон, гезит беттеринен “экономика өсүп атат, инфляцияны жеңдик” деп айтып жатат. Чынында андай эмес да. Экономиканын өскөнүн карапайым калк жонтериси менен  сезгенде гана “өстү” деп айтсак жарашат. Азыр ага караандаган да жокпуз. Былтыр бюджет аткарылган жок. Салыктан 6,3 млрд. бажыдан 1 млрд. сомго жакын акча чогулган жок. Экспорт менен импорттун айырмасы төрт эсе. Бул – өндүрүштүн, ишканалардын жоктугу. Жумушчу орундар жок, миграция өскөндөн өсүп жатат. 

Бардык нерсе салыштырмалуу болуш керек. Өкмөт “өстү” деп мактанып жаткан экономикалык көрсөткүчтү Арменияга салыштыралы. 2019-жылы биз салыктан 6,3 млрд. сом чогулта албай калсак, Арменияда ал жылы мурунку жылга салыштырмалуу 20%га жогору, 2017-жылга салыштырмалуу 43,6%га көп чогултту. Арменияда салыктын көп чогултулушу салыкты эки эсе жеңилдетилишинен улам. Биз өкмөткө кайра-кайра “салыкты жеңилдеткиле” деп айтып атып чарчадык. Биздикилер патент алып, салыкты улам көбөйтүп жатышпайбы. Ошондон улам салык чогулбай жатат. 

-- Бул өкмөт келген эки жылдан бери дээрлик 80 пайызы жаңыланыптыр. Улам кадр алмаштыруусун эмнеден көрөсүз?

-- Өкмөттүн 25 мүчөсүнүн азыр бешөө эле калды. Вицелердин баары кетип, кайра келишти. Бир нече министрлер, айрымдары үчүнчү ирет жаңыланды. Коалиция өкмөттү кураганда министрлер кабинетинин башчысы “ушул команда менен иштейм” деп Жогорку Кеңешке структурасын алып келет. Ошол кишинин баары кетти, Абылгазиев жалгыз өзү калды. Жөн да кетишкен жок, 25 мүчөсүнүн жарымынан көбү коррупциялык элементтер менен кетти. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Исакунова иш сапарлар чыры менен кетти, транспорт министри Калилов орун басары 500 миң доллар алып кармалганынын айынан кетти. Мамкаттоо төрайымы Шаикова иш козголуп, эл аралык издөөдө. Өкмөт менен чогуу келип иштеп аткан эки эле министр: саламаттык сактоо министри менен эле экономика министри калыптыр. Калгандарынын баары жылына 2-3 ирет алмашып жатат. Бул – кадрларды туура эмес тандагандын белгиси. Команданы алып келдиби, иштетиш керек. Иштей албай калса, ал команданы алып келген адам өзү да кетиш керек. 

-- Учурда шайлоо босогосун 7%га түшүрүү маселеси каралып жатат, муну колдойсузбу? 

-- Босого чек 5%га түшпөйт. Реалдуу көз караш менен айталы. Бизге 9%дык босого көптүк кылат. Биринчиден, 7%га түшсө, көптөгөн партияларда атаандаштык пайда болот да, шайлоо тазараак өтөт. Экинчиси, элдин маанайы жибий түшөт. Себеби, 9% бойдон калса, эл ичинде  маанай жакшы эмес болуп жаткан. Анткени, анда 3-4 партия гана келиши мүмкүн. А кимдер келет? Азыркы эле отургандар. Азыр үмүт пайда болду. Буга чейин мыйзамды 3-4 депутат демилгелесе, азыр 21 депутат демилгелеп атат. Угушумча, кошулганы жаткан депутаттар да көп. Алардын арасында коалициянын ичиндегилер да бар. Анүстүнө коомдук пикир кызуу болуп жатат, босого түшөт деп ойлойм. 

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости