www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Садар ооруканасында өзгөчө бир наристе төрөлдү. Анын төрт колу жана төрт буту бар. Индиялыктар наристени көбүнчө колу көп болуп Вишну кудайына окшош деп сүрөттөшүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басма сөз каражаттары жазып чыкты.
Төрөт кесарево жолу менен болгону белгиленип, бирок ымыркайдын жынысы айтылган эмес. Ошол эле учурда, дарыгерлер наристенин өзгөчө төрөлүп калышы кудайдан эмес, кош бойлуулук учурундагы кыйынчылыктар болгонуна байланыштуу деп эсептешет.
Белгилей кетсек, Индияда абанын, топурактын жана суунун өндүрүш калдыктары менен булганышынын улам мутацияланган балдардын жана жаныбарлардын төрөлүшү көп байкалат.
Азыр керемет баланын энеси куттуктоолорду кабыл алып жаткан учуру. Ал эми наристе өзү көптөгөн сүйүүчүлөрдү таап аны кудайдын образы деп эсептеген адамдар ооруканага агылып келишүүдө.
Булак: NazarNews.kg