www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда түнкү саат 03:30 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда топ балдар мушташкан. Бул окуяда биринчи тарап экинчи тарапты таяк менен чаап жаткандыгы видео байкоого түшүп калган.

Тасмадан эки топтун урушканын, биринчи топто азыраак балдар, ал эми экинчи топто көбүрөөк балдар келип, биринчи топтогу балдарды сабап салганын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында таяк жеген балдар ооруканада дарыланып чыгышкан. Ал эми аталган мушташка күнөөлүү делген тарап Өзгөн РИИБинин тергөөчүсүнө ири суммадагы акча берип, тергөө аяктаганга чейин тилкаттын негизинде эркиндикке чыгарылган. Бул мушташтын катышуучуларына карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Аталган мушташ боюнча маалымат берген Ош облустук ИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев шектүүлөр кармала электигин билдирген.

- Өзгөн районунда балдардын мушташкандыгы, жабырлануучу тарап ооруканага жатып чыккандыгы чын. Ал эми тергөөчүгө ири суммадагыакча берип, тилкаттын негизинде эркиндикке чыгып кетишкендиги тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Шектүүлөрдүн жакындары чындыгында орган кызматкерлерине акча сунуштап көрүшкөн, бирок баары мыйзам чегинде болотургандыгы аларга түшүндүрүлгөн. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө, алар өздөрү жашаган дарегине келбей жатышат, телефондору дагы өчүрүлгөн. Алар кармалса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат, -дейт Жеңиш Аширбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости