www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттык” радиосуна билдирди.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда аяктайт. Негизги маданий жана спорттук иш-чаралар Кырчын жайлоосунда өттү. Учурда ден соолукту чыңдоо комплексинде тогуз коргоол, мангала жана овари оюндары жана улуу күрөш боюнча мелдештер өтүп жатат. Жабылыш аземи кечки саат 20:00до Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында мелдештердин программасына спорттун 37 түрү кирген. Ага 70 өлкөдөн 2000ге жакын спортчу катышууда. Анда жалпысынан 594 медалдар топтому ойнотулат. (174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло).

Соңку жыйынтык боюнча, мелдештерде кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло медаль (100 медаль) тагынып, биринчи орунда келатат. Экинчи орунда 69 медаль менен Казакстан, үчүнчү орунда Орусия. Орусиялык спортчулардын капчыгында жалпы 52 медаль болду. Төртүнчү жана бешинчи орун Түркмөнстан (27 - 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло) менен Өзбекстанга (33 - 7 алтын, 8 күмүш, 18 коло) тийди. Кийинки орундарда Венгрия, Иран, Монголия, Украина турат. Мелдештерге катышкан 47 мамлекет бир дагы медаль ута элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости