www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда балбан Кожомкул Кааба уулунун боз үй музейинде илинген илбирстин териси боюнча териштирүү жүргүздү.
Бул эмне деген зөөкүрдүк, музейдин экспонатын тартып алууга аракет жасоо?! Барыдан да түшүнүк жаздырганы таңдантат?
Боз үй атайын Суусамырдан алынып келип тигилип, ал жерге Суусамырдагы улуу балбан Кожомкулдун музейинин буюмдары коюлгон экен. Андагы илбирстин териси музейде экспонат катары саналып, тизмеге киргизилген. Ал эми жанагы «эко-техник» сөрөйлөр аны сыртка алып чыгып алып, чоң кылмышкерди кармагандай, дагы калгандары жабалактап сүрөткө тартып... Боз үй-ээлери деле айтышса керек, «Музейдин экспонатын тиешелүү адамдардын уруксаты жок башка адамдар сыртка алып чыгууга акысы жок» дешип. Мындай кадам үчүн соттун чечими керек.
Сүрөттү караңыздарчы, ошол боз үйдүн ичинде уукта экспонаттарга «кол менен кармабагыла!» деген жазуу бадырайып илинип турат.Муну жанагы текшерип келген текшергичтердин көздөрү көргөн жокпу? Көрдү, сопсонун көрдү.Болгону алар «наглеть» этип атышат, майрамдык маанайды кошо бузуп...
Булак: "Айгай"