www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында санарип телеберүүсү үзүл-кесил иштеп, ага кошумча уюлдук байланыш да айдарым желдей үлбүлдөйт.Айылдын тургундарынын айтымында бул жерде 19-кылымдагыдай жашоо өкүм сүрөт. Элеттиктердин көйгөйүн “Марва” телеканалынын журналисттери барып, жеринен иликтеген.

Шибе айылына жакын жерде жайгашкан сигнал таркатуучу жай 2017-жылы пайдаланууга берилген. 500 миң сомдон ашык каражатка туурасы 2, узуну 2,5 метр турган курулуш курулуп, 27 мамылар жана 1200 метр электр чубалгылары тартылган. Бирок, долбоордун документтери өрттөнүп кеткенин айтышып, сурагандарга көрсөтүшпөйт. Базардагы бааларды иш жүзүндө салыштырганда долбоордун наркынын 2 эсеге көбүртүлгөнү көрүнөт.

Кара-Мык айылынын тургундары шамал болгон күнү эч кандай байланышсыз – светсиз, уюлдук байланышсыз, интернетсиз, телекөрсөтүүсүз – туңгуюк абалда калышаарын билдиришет. А шамал болсо ал жерде дээрлик токтобойт.

Көйгөйдүн учу курулушту жүргүзгөн жеке ишкердин сапатсыз материалдарды колдонуп, стандарттарды сактабагандыгына барып такалат. А бийлик өкүлдөрү болсо курулушту көз жумдулук менен кабыл алышкан. Жеке ишкердин жана аны жалдаган жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан улам бир айыл аймактын эли байланышсыз жапа тартып келет.

Жумушту аткарган жеке ишкер Коңурбай Турдубаев жергиликтүү кеңеште депутат. Журналисттер барып иликтеп киргенде гана эсине келген жергиликтүү бийлик менен жеке ишкер кабелдерди алмаштырууга киришкен. Ага коротулган 50 миң сомду Коңурбай Турдубаев оз чөнтөгүнөн чыгарганын билдирген. Демек, бул долбоордо да жеммкордук болгон турбайбы деген табигый суроо туулат.

Кыргызстан санариптик телеберүүгө 2015-жылдын июнь өткөн. Бул үчүн мамлекеттик казынадан 300 млн сом бөлүнүп, андан тышкары социалдык пакетке кирген телевидениелерге колдоо иретинде дагы 154 млн сом сарпталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости