www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаевдин ортосунда оозеки чыр чыкты.

Депутат Нарын шаарындагы жол эмне үчүн ушул күнгө чейин оңдолбой жатканын сурады.

“Сиз Бакыт Эргешович, 5 чакырым жолду оңдоп берем деп убада бергенсиз, бирок бир метри да оңдолгон жок, сөзүңүзгө эркекче туруңуз”,- деди.

Өз кезегинде Төрөбаев мындай убада бербегенин айтты.

"Эмне деп жатасың? Мен сага кандай сөз бердим? Мен өзүмдүн сөзүмдү билем. Планда болсо оңдоп беришет деп айттым" деп жооп берди.

Бакасов ага «сиз» деп кайрылууну талап кылды.

“Мен сизге урмат-сый менен кайрылам, боорукер болуңуз, сиз да ошондой кайрылууңуз керек”, - деди ал.

Төрөбаев 5 чакырым жол тууралуу сөз болгонун тастыктады.

«Акча бөлүнүп, титулга кирсе, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөөрүн айттым», - деди Төрөбаев.

Депутат убада кылган жеринен видеону көрсөтө турганын айтты.

«Видеону алып кел», - деди Төрөбаев.

«Алып кел эмес, алып келиңиз» деп депутат кайра ачууланды, бирок Төрөбаев депутаттан видеону талап кыла берди.

«Адегенде мени сыйлаш керек, мени менен кол булгалап сүйлөшөсүң», - деди депутат.

«Мен сизге канча жолу чалдым, бирок сиз кабыл алган жоксуз, мен сиздин жардамчыңызга телефон чалдым», - деди депутат.

– Мага качан чалдыңыз? – деп Төрөбаев таң калды.

Депутат Төрөбаевди калп айтпоосун суранды.

«Улан, сен аша чаап жатасың. Мен бул 5 км жөнүндө билем. Мына ушул видеону алып келгиле”,- деп талап кылды Төрөбаев. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости