www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия, Түркия жана Ирандын президенттери Тегеранда болуп жаткан саммиттин (Астана форматындагы саммит) алкагында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган жана Ибрагим Раиси негизинен Сириядагы кырдаалга кеңири токтолушту.

Орусия лидери “Ислам мамлекетин”* жана башка террористтерди түбөлүккө жок кылуу керектигин айтты. Ал Сириянын бийлиги көзөмөлдөбөгөн аймактардагы абал өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын баса белгиледи.

"Биз кылмыштуулуктун, экстремизмдин, сепаратизмдин реалдуу коркунучтары бул аймактардан чыгып жатканын көрүп турабыз. Буга АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин деструктивдүү линиясы чоң салым кошууда. “Ислам мамлекетин” жана башка террористтерди түбөлүккө жок кылуу керек", — деди Путин.

Ал эми Ирандын президенти Ибрахим Раиси Сирия кризисинин аскерий чечими жок экенин айтты.

“Сириядагы кризис башталгандан бери болжол менен 11 жыл өтсө да Иран Сириядагы кризисти чечүүнүн бирден-бир жолу саясий экенине ишенет. Аскерий кадамдар, тескерисинче, кырдаалды начарлатышы мүмкүн”, — деди Раиси.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириядагы коркунучтарды жок кылуу менен бирге улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттеринде Орусия менен Ирандын колдоосун күтөрүн билдирди.

"Сирияда улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген зыяндуу уюмдарды жок кылууну чечтик. Астана процессинин гаранты катары Россия менен Ирандын Түркияны колдооруна үмүт кылабыз”, — деди ал.

Сөзүнүн соңунда Путин Түркия менен Ирандын президенттерин Орусияда боло турган кезектеги саммитке чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости