www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин «Восток-2022» машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо жүргүзө турган Сергеевский полигонуна келди, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Анын айтымында, президент Коргоо министри Сергей Шойгу жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жабык жыйын өткөрүүдө.

«Жолугушуунун соңунда президент, жогорку колбашчы машыгуулардын акыркы этабына байкоо жүргүзө алат деп күтүлүүдө», - деди Песков журналисттерге.

Белгилей кетсек, машыгуунун алкагындагы маневрлар 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Чыгыш аскер округунун жети полигонунда өтүүдө. Аларга ар кайсы өлкөлөрдөн 50 миңден ашык аскер кызматкерлери, анын ичинде ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттерден 5 миңден ашык техника тартылып, катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости