www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Айчүрөк" дүкөнүндө киши өлүмү менен аяктаган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде (Денеге атайлап оор жаракат келтирүү) кылмыш иши козголду. Окуяны Свердлов райондук милициясы териштирип жатат. Каза болгон жаран Бишкектин 1973-жылы туулган жашоочусу болуп чыкты.

Окуя 28-августта болгон. Дүкөндүн чөнтөк телефон саткан бөлүгүндө сатуучу кардарды сабаган. Ал алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Дүкөндөгү окуя тартылган видео Интернетте да тарады. Анда каза болгон жаранды сатуучу ачууланып келип, бир нече жолу урганы, аны түртүп жиберип, жыгылгандан кийин ордуна басып кеткени көрсөтүлгөн. Кимдир-бирөө кардарды тургузууга аракеттенип, бирок ал турбай, бир нече адам ошол жерге чогулуп калганы тартылган.

Милиция мушташ эмнеден чыкканы иликтенип жатканын, шектүү камакка алынганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости