www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО: Улан жок 40 күн...

Бүгүн Уланбек Эгизбаев туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында маркумдун кыркылыгы өтүп жатат. Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн сыры дагы эле ачыла элек. Жакындарынын айтымында тергөө иштеринде бир катар шек жараткан жагдайлар бар.

Эгизбаевдин досу журналист Каниет Жыргалбеков маркум маркумдун өлүмүнүн себептерин иликтөө создугуп жатканын, укук коргоо органдары кашаң аракеттенип жатышканын билдирген.

Маркумдун апасы Жыпар апа да экспертизанын “сууга чөгүп каза тапты” деген жыйынтыгына макул эмесмин. Уулум өлө турган бала эмес болчу. Дени сак, таскарыны таза баламды ажалга жулдуруп ийип бозоруп отуруп калдым"- деп күйүттө олтурган учуру.

Эске сала кетсек, курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

17-августта Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги бул иштин алкагында эки ай тергөө жүргүзүлөөрүн маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости