www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта Райымбек Матраимовду колдоо комитети ордолуу Ош шаарынын тазалыгын камсыздаган, таң атпай шаарды ирээтке келтирген апалар менен эжелерге гүлдесте тартуулап, ак жоолук салышты.

«Эң сулуу айымдар ким десе, биз силерди тандамакбыз. Анткени, биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз. Биздин шаарыдын көркүнө көрк кошуп, калаабыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар абдан чоң», - деп айтылат аталган комитеттин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, таң эрте туруп, эл уйкуда жатканда шаарды көрктөндүрүп, тазалоого ашыккан апалар майрам күнүн да өз жумуштарын так аткарып жаткан кездери экен. Алар майрам күнү мындай белекти күтпөгөндүктөн кубанычында чек болгон жок. Алардын бактылуулгу көздөрүнөн байкалып турду. Эмгекчил апалар кичинекей белектерди тоодой көрүп, кубанып, көздөрүнө жаш алышты.

Өз кезегинде «Тазалыктын» кызматкерлери Райымбек Матраимовду колдоо комитетине ыраазычылык билдирип, анын кыска убакыттын ичинде абактан бошолтушун каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости