www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссёр Ырыс Жоомартова эжебиз көпчүлүктүн катарында кыргыз киносунун өсүүсүнө салым кошуп келе жаткан режиссёрлордун бири. Акыркы кездери кинокомедия жанрында бир топ кинолорду тартып, көрүүчүлөргө сунуш кылган. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием", "Шаардык келин Шарапат", "Менин ырым хит болот", "Апал -Үпөл", “Томпошка Тоня", "Капкан", "Ош-Бишкек жолунда" деген кинолорду кыргыз кионосунун текчесине кошту.

Кечээ хайп болуп жаткан нерсе "Супер ТВнын" форматындагы шоу экенин белгилеп коюшубуз керек. Видео монтаждалгандан кийин ушундай жакшы хайп пайда болуп калыптыр. Муну эске алыш керек. Ырыс эже биринчиден, эмгекчил, ар дайым позитив менен жүрөт, өтө тамашакөй. Көп учурда куудулданып коёт. Шоунун форматынан чыкпай жакшы маек бериптир. Эч кимди басынтып, кемсинткен жок.

Ар кандай талкууларга себеп болгон видеотасма жөнүндө актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова пикирин  билдирди. Анын сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз окурмандарга сунуштайбыз:

"Ишимдин көптүгүнөн интернетке киргенге убакыт жок болду. Бардыгы чалып “Ырыс, сени талкуулап, комментарий жазып жатышат” дешти, көңүл бурганга да убакыт болгон жок. Видео тартылаардын алдында Гүлжайнага чалып, сүйлөшүлгөн, аны кошоорубузду айткам, тамашалап кошо кетейин дегем, макул болгон. Мынчалык резонанс болуп кетет деп ойлобопмун. Кытайдан коронавирус жуктуруп келгендей же бироону сабап салгандай, же уурулук менен кармалгандай эле мага миңдеген комментарий кетиптир го? 50 жаштан ашып, мен кантип “кнопканы басса жүрөт, кайра кнопканы басса өчөт» дейин...

Видеолордо ар бир сүйлөнгөн сөздөн кийин каткырып күлгөндөрүм бар болчу. Ал жерлерди монтаждап, кесишиптир.

Супер ТВ озу билип, монтаждады. Монтажды мен башкача жасамакмын. Тамаша экени 5 жашар балага деле түшүнүктүү го дейм. Менин жакындарым, досторум, курдаштарым, катыштарым менин тамашакөйлөгөмдү билишет.

Түшүнүп-түшүнбөй жаман комментарийлер жазылып кетиптир. Видео тамаша иретинде тартылган”,-дейт Ырыс Жоомартова.

Ал эми буга жооп катарында куудул Гүлжайна Атаканова дагы өз пикирин билдирген болчу.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Темир тулпарыныз кут болсун. Жакшылыктарга айданыз. Сизди сыйлайм.ото арекетчил,мээнеткеч,чынчыл,кучтуу айымсыз.Бизге дагы сиздикиндей унааларды Аллахым насип кылсын ылайым. Ден соолукта бололу. Комментарий жазгандар Ырыс эжемди жакындан билсенер Жан дуйносу таптаза,алтын эже.Просто тамашалап койсо керек.Жаман жазбагыла @dzhoomartova

Публикация от Гулжайна Атаканова (@guljayna_atakanova)

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости