www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын парламенттинде депутаттар массалык мушташышты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чырдын башы Элдик-республикалык партиясынын жетекчисинин орун басары Энгин Озкоч өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоганга карата терс пикирин айткандан келип чыккан. Аталган депутат Түркиянын президенти Эрдогандын Сирияда жүргүзгөн саясаты сындаган.

Анын билдирүүсү «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын депутаттарын кыжырдантып, массалык мушташ башталып кеткен. Мушташка эки партиядан ондогон депутат катышканы айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Түркиянын жалпы  депутаттарынын саны 600. Алар 5 жыл убакытка чейин шайланат.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости