www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Руслан Романов: “Былтыр 16 миң жаран пробациядан өттү”

Былтыр 16 миң жаран пробациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов билдирди.  

--“Былтыр 16 миң жаран пробациядан өттү. Азыркы күндө 3 бардык аймактар камтылган департаменттер иштеп жатат.

Кылмыш - социалдык көрүнүш. Адамды эркинен ажыратуудан мурда аны кылмыш жасоого эмне түрткү бергенин билүү керек. Балким анын билими жок же жашоо шарттары начар болгон. Аны менен укук коргоо органдары иш алып барбашы керек деп эсептейм. Себеби, ал социалдык институт. Пробация институту биздин өлкө үчүн жаңы институт. Ал эркинен ажыратуу каралбаган жаза өтөөнү карайт. “Пробация тууралуу" мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргенин жана 2018-жылдын 31-декабрында өкмөт пробация кызматынын милдетин Юстиция министрлигине жүктөгөн.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана коомчулук өз ара тыгыз аракет жүргүзүп, пробациянын кардарына социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүшөт. Жыйынтыгында пробациянын кардарында, башкача айтканда сыналуучуда оңолууга мүмкүнчүлүк пайда болот”, - дейт Романов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости