www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада май жана кумшекердин баасы арзандайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта маалымат жыйында КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов билдирди.

Анын айтымында, августтун аягана чейин Кыргызстанда кошумча нарк салыгы нөлгө барабар болгон 40 тонна кумшекер келет.

--"Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен 60%ы өлкөдө кайра иштетилип чыгат. 40 миң тоннанын келиши биздин керектөөчүлөргө олуттуу таасир этет. Жетишсиздик болбойт, нөл ставкасын эске алуу менен баасы төмөндөшү керек", - деди ал.

Маматоморов өткөн жылы Кыргызстан майды импорттогон өлкө Россияда күн караманын түшүмсүздүгүнөн улам анын баасы жогорулаганын кошумчалады.

"Бул жылы аларда түшүм жакшы, 19,3 млн тонна семичка жыйнашты. Ушуга байланыштуу акыркы айда Россияда майдын дүң баасы арзандап жатат. Жакын арада май жана кумшекердин баасы арзандайт", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости