www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү гепатиттин ар кандай формалары менен ооруган бейтаптар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чараны Нурказы Батырбеков аттуу жаран түз эфирде чагылдырган.
Жолугушууга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышкан. Гепатит менен жабыркаган тургундар бир катар маселелерди талкуулашкан.
«Мен силерди уктум, эми мени уксаңар. Менин келгениме 2 ай болду, бул убакыттын ичинде көп эле нерсени чечип келе жатабыз. Жогорку Кеңештеги талаш-тартыштан кийин силерге 10 млн сом алыптырбыз», - дейт министр Бейшеналиев.
Ал эми иш-чарага катышып жаткандардын бири 10 млн сом аз экенин айтты.
Өз кезегинде министр буга чейин акча берилбей келгенин, кошумча 300 млн сом суралып жатканын билдирди.
«Биз силерден 1,4 млрд сом сураганбыз, бирок жооп ала алган жокпуз. Силерге кайра-кайра кайрылдык, бирок жомок айтасыз да», - деп кыйкырды бир аял.
«Макул анда. Чече турган адамдарга кайрылгыла. Мен силерди угайын десе», - деп министр жолугушуудан кетип калган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg