www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлери маралды мыйзамсыз атып, жиликтеген адамдардын тобун кармашты. Окуя 31-октябрда болгонун Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз атылган маралдын терисин текшерип, болжол менен 5 жашта экенин аныкташкан. Аны аткан 4 жаран Аксыдагы Аркыт айылынын жашоочулары.

Кызыл китепке кирген жаныбардын өлүмү боюнча далил буюмдар алынып, тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.

Кыргызстанда 1 баш марал жок кылынганы үчүн 1 млн сом айып салынат. Ал эми өзгөчө корголгон жаратылыш аймагында бул көлөм эки эсе эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости