www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамурза Бөрүкулов Фейсбуктагы баракчасына Роза Отунбаева тууралуу билдирүү жазып чыкты.
“Төрт кыргызды да бириккенге койбой, бөлүп жарган бийлик башындагылар кызмат үчүн кыргызды бири - бирине кыргынга салган канкорлор, ортобузду Төө-Ашуу бели эле бөлүп турбаса, баарыбыз окшош эле кыргыз экенибизди мойнуна алгысы келбей түштүктүн элин "сарт" деп кемсинткен трайбалист жугундукорлор Бакиев элди аттырбаганы далилденип турса да: "Бакиев канкор" деген жаратылышынан жаңылыш жаралып калган жапайы маңкурттар! Төмөндөгү видеону көрүп, Шамиль Атаханов эмне деп сүйлөп жатканын эсиңерге тутуп алгыла.
7-апрелде Отунбаева кайсыл элди аткыла деп команда бергени жөнүндө бир ойлоп көргүлөчү. Ушундан кийин да оюңардан кайтпасаңар, анда сабатсыз спикердин сөзү менен айтканда: Кудай жазаңарды берсин. Түштүктө күнөөсүз өлгөндөрдүн арбактары, артында калган жетим-жесирлердин көз жашы, он жылдан бери силер кордоп, кемсинтип келген жалпы түштүк элинин убалы урсун силерди. Башка сөз жок”,- деп Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg