www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик сапары менен Москвага барган Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Путин Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болгон кыска убакыттын ичинде эки өлкө ортосундагы соода байланыштары кыйла кеңейгенин билдирди.

«Сиздин бүгүнкү сапарыңыз, биздин биргелешкен ишибиз эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча олуттуу кадам болоруна ишенем. Сизди Кремлде чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз», – деди Орусия президенти.

Өз кезегинде Өзбекстан мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч президенти Ислам Каримовго эстелик тургузуу үчүн Москванын борборунда жер бөлүп бергендиги үчүн Владимир Путинге ыраазычылыгын билдирди. «Бул гүл бакча эки эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөчү көпүрө болуп калат деп ойлойм», – деди Мирзиёев.

Путин менен жолукканга чейин өзбек мамлекет башчысы орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда газ кендерин өздөштүрүү жана бүгүнкү күндө актуалдуу болгон терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланган.

Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон сапары маалында 55 документке, анын ичинде жалпы суммасы 16 миллиард АКШ долларын түзгөн экономика тармагындагы макулдашууларга кол коюлат деп күтүлүүдө.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости