www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Сочини коркунучтуу сел каптады

Сочи шаарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, катуу жамгырдын кесепетинен улам, шаарды сел каптап, электр энергиясы өчүрүлгөн. Көчөлөрдүн биринен аял кишинин денеси табылганын куткаруучулар билдиришкен.

Сочи шаарынын мэри Алексей Копайгородский бул фактты тастыктап: “Тилекке каршы, адам өлүмү катталды. Бир аял каза болду. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, — деп билдирген.

Ошондой эле, селден улам 50дөн ашык жеңил унаа жабыркаган. Куткаруучулар жолдорду кулаган бактардан тазалап, унаалар атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилүүдө.

Акыркы эки күндөн бери Сочиде катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен шаарды сел каптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости