www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков, Кытайга 2 млрд доллар карызыбызды төлөй турган мезгил келгенде 2023-жылы кызматынан кетип калат. 2024-жылы карызды төлөп баштайбыз. Төлөбөсөк кытайлар Таджикстандын Тоолуу-Бадахшан облусун 2013-жылы карызынын ордуна алып койгондой (Илгери Тоолуу-Бадахшан кыргыздарга таандык болгон. Союз мезгилинде Москва Таджикстанга бөлүп берип койгон) Нарын облусун же Алайды алып коюшат. Келишимде ошондой кол коюлган.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз 5 жылдын ичинде карызды төлөп берүү боюнча тез арада чара көрбөсөңүз менден кийинки президент жооп берет деген принцип менен убакыт өткөрсөңүз, анда сиз дагы сизге чейинки президенттердей болуп, "Эл душманы" атка коносуз.
Анткени, "досуңуз" өз достору жана айлана-чөйрөсү менен бирге 2 млрд доллар карыз алып, жарымын иштетимиш болуп, жеп кетишти. Ошондуктан, азыртан баштап элдин эсебинен 8 жылда мультимиллиардер болгон "досуңузду" жана анын досторун, жакындарын камап, жегендерин кустуруп кытайга болгон карызыбызды төлөп баштабасаңыз Нарын же Алайдан айрылабыз.
Болбосо 2024-жылы сизден кийинки болгон президент элден жардам суроого туура келет. Себеби, казынада акча жок. Элде да 2024-жылы каражат болоору күмөн. Анткени, жылдан жылга элдин турмушу начарлоодо. Эгер элдин да карызды төлөөгө алы жетпесе анда эмне болот? Ата-бабаларыбыз канын төгүп сактап келген жерлерибизди беребизби?
Булак: NazarNews.kg