www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо районунун тургундары кайрадан Акүй алдына митингге чыгышты. Ушуну менен алар бир нече жолу бийлик бутагындагыларга кайрылышты. Митингге чыккандардын талабы – аталган райондогу кытайлык алтын компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршы чыккан жергиликтүү тургундардын митингинде “башаламандыкты уюштурган” деп шектелип кармалгандарды бошотуу болду. Ал митингде кытайлык компанияга тийиштүү имарат өрттөлүп, дагы бир катар материалдык чыгымдар келтирилген.

Жергиликтүү тургундар компаниянын экологияга зыян келтирип жатканына нааразы болушкан. Алтын иштетүүнү токтотуу талабын жергиликтүү бийликке бир нече ирет коюп, бирок жыйынтыкка жетише албаган эл акырында ушундай кадамга барууга аргасыз болушкан. Ал эми тартип сакчылары Тогуз-Торонун митингге катышкан 15 тургунун кармап, алардын 12си дагы да абакта кармалууда. Акыркы ирет митингге чыккан тогуз- торолук мекендештерибиз да ошол 12 тургунду камактан бошотууну талап кылышты. Бирок, алардын талабы дагы деле аткарыла элек.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости