www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгачкы жолу мектеп босогосун аттаган күн, алгачкы мугалим, алгачкы сүйүү, алгачкы өбүшүү жана башка алгачкылар толтура бул жашоодо. Бирок ошол алгачкылардын баары биздин эсибизде калат. Ал эми жылдыздар үчүн алгачкы сахнасын, алгачкы ырын, анда кийип чыккан формасын, дегеле ал күндөрүн эстөө – ностальгия.

Алина Жетигенова

Сахна: – Борборго келип эле филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыргам, ошол жакта Асылбек деген агай сабак берчү. Кийин ошол агай “Жетиген” деген топ ачып, тобуна мени кошуп алган. Алгач сахнага 1982-жылы ошол “Жетиген” тобу менен Улуттук филармониянын сахнасына “Бозойго” аттуу ырды ырдап чыкканым эсимде.

Көйнөк: – Ошондо Финляндиядан келген жашыл көйнөк кийип чыккам. Ал кезде андай көйнөктөр мода болгону менен таңсык эле. Баасы да бир топ эле жогору болчу.

Чач жасалга: – Жаңы ырдап чыкканда чачым тармал эле, көп өтпөй эле каре кылып кырктырып алгам. Анан эле “Кыздын сыры” клибим чыкты. Ошондон кийин Ошко барып калып, чачымды кырктырайын деп чачтарачканага кирсем, өзбек улутундагы чачтарач “сиздикин дагы под Алины кылып кыркайынбы? ” деп жатпайбы. “Ал кандай?” десем, “азыр кыздардын баары под Алины кылып кырктырып жатышат” дейт. Мени тааныбайт да, көрсө, менин чач жасалгамды айтып жатыптыр. Күлүп, макул болуп өзүмдүкүндөй кылып кырктырып кеткеним эсимде.

Асел Турдалиева

Сахна: - Мен ал кезде Куурчак театрында иштечүмүн. 1992ден 1993кө оогон жылы Спорт ордосунда Жаңы Жылдык “ Мыскыл жана тамаша” концерти болуп, мен да ал концертке катышмак болуп калдым. Аябай толкунданып, ошондо эң биринчи жолу Бек Борбиев жазып берген “Жаз жамгыры” аттуу ырымды колума кол чатыр кармап алып ырдап чыккам. Ал кезде “Мыскыл жана тамаша” берүүсү эл арасында абдан популярдуу болуп, баары калбай көрүшчү.

Көйнөк: - Ал кезде азыркыдай форма тиктириш кайдан? Ташкенттен окууну бүтүп келе жатканымда жалтыраган, боорунда гүлү бар кофта алып келгем, ошону-оңдоп түзөп, ошол жылдары мода болуп турган кара түстөгү юбка-шым менен кийип чыккам.

Чач жасалга: – Чачым ал кезде узун болчу, ар кандай формада өрүп же байлап алчумун.

Гүлнара Тойгонбаева

Сахна: -“Жылдыз болом” деп сахнанын босогосун 1992-жылы аттагам. Опера жана балет театрында концерт болуп, Тарас Асанакуновдун “Энекем” аттуу ырын ырдап чыккам.

Көйнөк: – Чоң жоолук сатып алып, андан өз колум менен ошол убактарда мода болуп турган үстү жагы балбырак, багалеги кууш шым тигип алгам. Сахнага биринчи жолу чыкканымда ошол шым менен үстүмө кофта кийип чыккам.

Чач жасалга: – Чачым узун болчу, плойка менен тармалдатып, өзүм колдон келишинче боёнуп, жасанып алгам.

Гүлнур Сатылганова

Сахна: – Мурда Токтогул районунун маданият үйүнүн алдында түзүлгөн “Миң кыял” ансамбли менен гастролго барып гитара менен ырдап жүрчүмүн. Андан соң борборго келип, 1986-жылы “Мыскыл жана тамаша” деген концертте биринчи жолу “Жетиген” ансамбли менен “Көпөлөк” аттуу ырды ырдап сахнага чыгып, телеге тартылгам.

Көйнөк: - Биринчи костюмум алигече көз алдымда турат. Ал ошол “Миң кыял” ансамбли тиктирип берген көк түстөгү баркыт көйнөк болчу.

Чач жасалга: – Чачым узун болчу, сахнага чыкканда өрүп алчумун.

Жылдыз Тутуева

Сахна: – Музыкалык училищеде окуп жүргөн убагымда “Туңгуч” театрына практикага барып калдым. Ошол учурда алар концерт берип калышты. Ал концертке мен да катышып, биринчи жолу Бактыяр Токторовдун “Ак кар”, Муратбек Бегалиевдин “Сагынуу” аттуу ырларын ырдап, улуттук филармониянын сахнасына чыккам.

Көйнөк: – Ошол концертке арнап кызыл, кара, жашыл түстөрдөгү барпыраган үч көйнөк тиктиргем. Ошондо Вера аттуу курбум тигүүчүлүк кесипти бүтүп жаткан, практика убагында эң алгач мага көйнөк тигип берген.

Чач жасалга: – Ошол убакта кийме чачтар абдан мода болчу, мен чачымды жасатып убара болбой ошол кийме чачтарды кийип алып сахнага чыга берчүмүн.

Булак: "lady.kg"

Последние новости