www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоону жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусу толук даяр болду. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Улан Примов “Азаттыкка” билдирди. 

Анын айтымында, жыйынтыктоочу документке комиссиянын 12 мүчөсү, депутаттардын баары кол коюп берди. Корутунду май майрамдарынан кийин Жогорку Кеңештин отурумдарында жарыяланат.

- Биз баарын сезип, көрүп, билип турабыз. Бирок бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Депутаттык комиссия - бул тергөөчү, соттоочу же күнөөкөрдү аныктоочу орган эмес. Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссия - бул саясий орган. Биз жөн гана саясий баа беребиз. Анда биз ЖЭБдеги оңдоодогу жана авариялык кырдаалга алып келген кемчиликтерди көрсөтүү менен бирге тиешелүү атайын кызматтарга тапшырма берип, айыптууларды жазага тартууну талап кылабыз. Биз ушуну так кесе айтып коюшубуз керек, - деди Улан Примов.

Буга чейин депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоо иштериндеги кемчиликтерге жана андагы авариялык кырдаалга экс-премьер-министрлердин тиешеси бар-жогу каралып, баа берилерин билдирген болчу. Масалиев "буга түз жана кыйыр тиешеси болушу мүмкүн" деп мурдагы өкмөт башчылар Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин жана мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдордун аттарын атаган.

Быйыл кыш чилдеде Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурда борборду оңдоого карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган-деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости