www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бардык жаңжал чек ара сызыгы жоктугунан болуп келген”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.
--“Бардык жаңжал чек ара сызыгы жоктугунан болуп келген. Тажикстан менен көп жерлерде чек ара сызыгы жок. Анын айынан маселе укуктук талаада эмес, түшүнүксүз эле кырдаалда талкууланып жатат. Линия жок болгондон кийин ким эмнени бузганы, кантип бузганы белгисиз бойдон кала берет. 1992-жылдагы Алматы, Минск макулдашуусу боюнча союздук республикалар чек ара сызыгын моюнга алышкан. Ошол келишимдин негизинде тажик тарап менен сүйлөшүп, убактылуу чек ара сызыгы деген түшүнүктү киргизип коюш керек. Ошол жерге чек ара белгилерин коюп, эң татаал жерлерине зым тартуу зарыл. Андан кийин делимитация жана демаркация маселесин 20-30 жылдап чече берсин. Өзбекстан убагында чек араны ошентип тосуп койгон. Азыр тынч, сүйлөшүү жолу менен чечип жатышат”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg