www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Финансылык, инвестициялык механизмдерди түзүү зарыл”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.
--“Өзбекстан менен Кыргызстандын экономикалык философиясы - эки башка. Бул багытта кайсы өлкөнүкү жакшы экенин 30 жылдык тажрыйба көрсөттү. Өзбекстан ийнеден тартып, учакка чейин өндүрүүдө. Ал эми Кыргызстан өзүнө керектүү азыктардын 80%ын сырттан импорттойт. Калган 20%дын да курамында импорттук товарлар бар. Кыргызстан азык-түлүктүн 90%ын өлкөдөн өндүрсө болот. Бирок бул багытта саясат жүрбөй жатат. Финансылык, инвестициялык механизмдерди түзүү зарыл. Кыргызстандын стратегиялык пландарында өнүгүүгө эч нерсе каралган эмес”, - деди саясатчы.
Булак: NazarNews.kg