www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Супара этно-комплексиндеги өрт учурунда жабыркаган адамдар катталган жок. Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Белгилей кетсек, буга чейин дагы Бишкек шаарында бир катар ири өрт кырсыктары катталып, учурда кырсыктардын келип чыгуу себептери такталып жаткан учур. Этно-комплекстеги өрт таңкы саат 6:46да толугу менен өчүрүлгөн, жана бактыга жараша бул кырсыктан эч ким жапа чеккен эмес.
Бул эс алуу жайынын өкүлүнүн айтымында, учурда келтирилген чыгым толугу менен тактала элек. Ал эми аталган комплекстеги баардык курулуш обьектилери буга чейин камсыздандырылган. 4 саатка созулган тилсиз жоого 39 өрт өчүрүүчү кызматкерлер иш алып барышып өрттү өчүрө алган эмес. Күйүп кеткен обьект буга чейин сүрдүрүлүп, жаңы обьектилерди куруу иш чаралары жүрүп жаткандыгын Бактыбек Саматов маалымдап, өрттүн кесепетинен жаңы ишке киргизиле турчу имараттардын жарымы күйүп кеткен.
Булак: NazarNews.kg