www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда саясий кырдаал 2021-жылы жазында кескин өзгөрөөрү, алдыдагы шайлоо кандай өтөөрү тууралуу жана 18 талапкердин ичинен 5 гана (А.Мадумаров, К.Исаев, С.Жапаров, И.Ташов, А.Сегизбаев) талапкерге токтолуп, алар жөнүндө белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган "Говори ТВнын" түз эфиринде айтып берген.

Астролог 18 талапкердин бешөөнө гана токтолгон. Мадумаровдон баштап, Сегизбаевден бүтүргөн.  Драгандын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоо эч кандай мааниге ээ болбойт. Кыргызстандагы саясий кырдаал 2021-жылдын жазында кескин өзгөрөт.

“Кыргызстандын картасында белгилүү бир пункт бар, ал жаңы түзүлүш менен байланыштуу. Тагырагы, Кыргызстан Альфард сыяктуу жылдыз менен байланыштырылган, бул Гидранын башы. Гидранын башы көтөрүлгөндө, Альфард ага белгилүү бир семантиканы жүктөйт. Анын артында эки нерсени көрө алабыз: бир жагынан көз боемочулук, экинчи жагынан алдыдагы 20 жылдын ичинде Кыргызстандын өнүгүүсү. Ушул жыл аралыгында Кыргызстан өнүккөн жок. 21-декабрдан кийин геосаясий ландшафт өзгөрүлүп жатат. Кураторлор үчүн дагы кырдаал өзгөрүлүп жатат. Бул деген ар кандай пландарды солгундатышы ыктымал, анын ичинде Садыр Жапаровду да...", - дейт С.Драган.

Анын айтымында, февралда стабилдүүлүк бузулат, оор кырдаал жаралат.  Мындай көрүнүш Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да болот. Америка менен Европада да бир топ кыйынчылыктар болот, буга Түркиянын президенти Эрдоган активдүү катышат. 17-январдан баштап 26-январга чейин туруксуздук болот.

"Кыргызстанда карама-каршы эки лагер бар. Анын бири - талапкерлердин ассоциациясы: ал программалык модулдарды түзөт. Экинчиси түзүлгөн келишимди, схеманы жайгаштырууга аракет кылат. Оппозиция өз пландарын ишке ашырууга далалат жасайт. Бирок, мунун баары көшөгө артында жүрөт. Кыргызстанда таптакыр башка көз караштар конгломерациясы жүрүп жатат. Алар бири-бири жөнүндө билеби, бул чоң суроону жаратат. Ушундан улам, азырынча ички оюндар гана жүрүп жатат. Январь, февраль айларында, ушул эки тараптын көз карашы карама-каршы келип, кагылышуу болот. Тагырагы, бир нече революция болот. Биринчи аракет 26-январда болот. Ага чейин, 13-январда революция болушу мүмкүн. Менин божомолум боюнча, Кыргызстанда негизги саясий окуялар 2021-жылдын март айында болот. Ошондон кийин Кыргызстан турукташып, экономикасы өсөт. 6-мартта дагы бир төңкөрүшкө аракет болушу мүмкүн. Бул жерде Жапаровдун катышуусу ыктымал. Бирок ал ийгиликтүү болушу күмөн жаратууда...", - дейт астролог.

Светлана Драган деген ким?

Светлана Драган - дүйнөлүк аренада маанилүү окуяларды божомолдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар белгилүү орусиялык ишкер, астролог. Анын божомолдору дайыма туура чыгат. Алсак, 10 жыл мурун ал учурдагы каржылык кризисти жана дүйнөлүк дүйнөлүк толкундоолорду: мунай заттын баасынын төмөндөшүн, бир катар табигый жана техногендик кырсыктарды, Украинанын трагедиясын, чыңалуунун векторунун Жакынкы Чыгышка өтүшүн жана Россиянын эл аралык таасирдин жаңы деңгээлине чыгышын алдын ала айткан. Алыс кетпей, өзүбүздүн өлкөдөгү 2020-жылдагы октябрь окуясын эле айтсак, ал октябрда Кыргызстанда башаламандык орун алып, бийлик алмашаарын айткан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости