www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракалпакстандык бул табып “Рашид табып” наамы менен белгилүү болуп, ал бардык бейтаптарды эки түрдүү дары менен “дарылап” келген: 1. Сөөктөрдүн күкүмү; 2. Канаттуулардын жүндөрүнүн күкүмү. Маалыматка караганда аталган күкүм-“дарынын” 100 граммынын баасы 85 миң сумдан (8 доллар) 350 миң сумга (36 доллар) чейин бааланат.
Жергиликтүү жашоочунун айтымында табып таштандыдан табылган сөөктөрдү жана канаттуулардын жүндөрүнүн күкүмүн адамдарга сатат. Аталган күкүмдү бардык ооруга шыпаа дейт.
Ходжейлий районунун дагы бир тургуну Telegram-каналдагы Рашид табып тууралуу жарнаманы көрүп, андагы ой-пикирлерди окуган. Анда "табыптан дарылангандан кийин сакайып кеткенбиз" деген адамдар ой-пикир жазышып, айрымдар ар кандай онкологиялык оорулардан 2 күндө сакайып кеткендигин жазганын окугандан соң аталган тургун да андан күкүмдү сатып алган.
--Табып мага күкүмдү сууга аралаштырып, күнүнө үч жолу, үч ай бою ичүү керектигин айткан. Бирок бул “дары” мага жардам берген жок. Тескерисинче, абалым оорлошуп кетти. Кийинчерээк бул күкүмдү ал таштандыдагы сөөктөрдөн жасай тургандыгын уктум. А мен болсо жиндиге окшоп, ага 300 миң сум (32 доллар) төлөгөнмүн,-дейт Шолпан Аджиниязова.
Ушул жылдын 2-мартында лейкоз менен жабыркаган кыздын апасы кызынын абалы оорлошкондугу тууралуу ММКларга билдирген:
--Эки ай мурда кызым химиотерапиянын үчүнчү курсунан жана канды кайра куюу жараянынан өтүп жаткан учурда “Рашид табып” аталган дарылоонун түрлөрүнөн баш тартышыбыз керектигин айткан. Менин кызым бир ганаң ал берген күкүмдөн жакшы болуп кетишин айтып, ишендирген. Эки ай бою кызыбызга ошол күкүмдү ичирдик. Бирок анын абалы өтө оорлошуп кетти,- деп айткан кыздын апасы.
Аталган кайрылуудан 3 күн өткөндөн соң 12 жаштагы кыз каза болуп калган.
Каракалпакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Гаухар Абдисаметова аталган маалыматты тастыктап, докторлор кыздын ата-энесин табыптан дарылануу туурлауу оюнан кайтарганы аракет кылган менен майнап чыкпагандыгын билдирген. Ата-эне доктурларды укпай, табыптан дарылана берген.
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдик медицинаны көзөмөлгө алууну күчөтүүнү айткан.
Өзбекстандын жарнамалык роликтеринде өзүн Рашид табып деп тааныштырнган кишининин: “Мен дүйнөдөгү эң күчтүү табыпмын. Доктурлар дарылаган бардык оорулардан айыктыра алам”,-дегени тараган болчу.
Ал эми өзүн Рашид табыптын өкүлүмүн деп тааныштырган аял сөөктүн жана канаттуулардын күкүмү кальцийден тургандыктан бардык сөөк ооруларын айыктыра аларын далилдемекчи болгон.
Эске сала кетсек, Өзбекстанда сөөк күкүмү үй жаныбарлары жана канаттуулар үчүн тоют катары колдонулат.
Булак: NazarNews.kg