www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жылдыз Мусабекова өзүнүн Фейсбук баракчасына гей, лесбиянкаларга, гендердик укукту коргойбуз дегендерге кайрылып, билдирүү жазып чыкты.

..Лесбиянкасыңбы, гейсиңби коомго таңуулаба, башыңа турсий кийгиң келеби, кыйкырбай кие бер, жылаңачтанып жүгүрсөң жалпыны жаалаба, сойку болгуң келеби жарыялабай денеңди сата бер. Эртең эрге тийсең да, ойноштон ойнош күтсөң да, 5-6 катын алсаң да ал сенин жеке жашооң. Эч кимди үгүттөбө, өз оюңду коомго түрткүлөбө. Бу жерде мыйзамдын кыпындай тиешеси жок. Уулуң эрге тийгиси келеби анын тандоосу, эч кимге догурунбасын...

Кызың катын алам десе алперип кое бер, эч кимге кызык эмес. Чай куйбасаң, тамак жасабасаң ал өз үйүңдөгү жумушуң, мага демектен потологуңа жатып ал. Үйүңдү жыйнабай таштанды менен жаша, балдарыңа тамак бербей, кекиртектерин талга асып койгула. Аялдын укугун жатын, турсийди айтып, "чай куйбайм, эрге тийбейм, ажырашам, төрөбөйм!" деп коргоонун кажети жок
... Эрге тийгиң келбейби, тийбе, эч ким зордобойт, күйөөгө тийбей эле, ийгиликтерге жетишкен курбуларым көп, бирок "күйөөм жок" деп бакырбай эле жүрүшөт. Төрөгүң келбейби өз ыктыярың, балдар үйүнөн бапыратып бала багып ал, миллион эсе сооп кылган болосуң...
... Ажырашкың келеби, айтпай эле ажыраш, желип, жортуп эриңди жамандап, үйүңдүн купуя сырын коомго жарыялаба.
... Милиция да элдин балдары, алка жакадан алып жулкулдатып, айкырып атсаң карап турабы? Анын да үйүндө аялы, кызы, апасы бар, "аман, эсен келсе экен, кылмышкерлерден токмок жеп, забын тартпаса экен" деп зарыгып күткөн. Силердин ата, ага, иниңерге ажылдай берсе унчукпай коесуңарбы? Өпкөсүн үзөсүңөр. Жөн турган кишини эч ким теппейт, жөн жүргөн адамды эч ким сөкпөйт!
. . Күйөөң менен кошо талашып, "кыйынмын эле кыйынмын!" деп кыйкыра берсең, салпактап эле көчөдө жүрсөң чекеңен сыламак беле? Эки бакыр, бир тукур болуп, эриш-аркак жашагандын ордуна ажаанданып, тажаалданып, "асмандагы айды алпер, сен лох, колуңан бок келбейт!" ж.б. деп күйөөсүн кемсинте берсе токмоктолот да. Кызганыч деген да чоң оору. Сыйга сый, урматка урмат!
... Эмне мамлекет, бийлик, депутаттар, өкмөт эркектерди чогултуп алып "аялыңды саба, өлтүр, ала кач, бензин куюп өрттө, машинага тебеле, сүйрө" деп үйрөтүп, сабак, тренинг өтүп атабы? Азыр керек болсо аялына кор болгон эркектер да толтура. Муну "эшегине жараша тушагы" деп коет. Ар бир адамдын аң сезими, таалим, тарбиясы.
... Бирок, ансыз да араң турган элди шылдыңдап "башыңарга турсий кий, тамак жасаба, төрөбө, ажыраш, тең укуктуусуң күйөөң чапса теп" ж.б. деп ого бетер радикалдуу ойлорду таңуулап, ордунан козгоп, от менен ойнобосок.
... Аял укугуна шылтоологонду токтотолу. Эгер уюштуруучулар өздөрү күнүгө көчөгө жылаңач чыгышсын пример болуп... Анан эл аларды ээрчисе каталыгыбызды моюнга алалы? Кана, жылаңач чыккылачы көчөгө, жумушка, базарга, же башыңарга ич киймиңерди кийип алып. Аял укугу ошондо корголуп, дөөпөрөс, зөөкүр эркектер жок болуп кетсе эле мен башымды ийип таазим кылайын.
... Эмне үчүн элди дүрбөлөңгө салышат? Ынтымактуу жашаган үй-бүлөлөр, камкор, үй бүлөсү үчүн төшүн дзотко тоскон, жубайын сыйлаган жигиттердин баарынын бетине көө жаап, баардыгын бир казанга кайнаткысы келишет!
... Аялын кордогондор ансыз да жазасын алышат, кордукка туш болуп жашагандар өздөрү чечкиндүү кадамга барышы зарыл.
... Мен деле күйөөм менен талашып, тартышам, көз караштарыбызды өз эркибизче коргойбуз, урушабыз, таарынышабыз, бирок, бирөөңөргө арыздандымбы, же көчөгө кыйкырып чыктымбы? Алданемедей эле беш баланы жетелеп алып бактылуу жашап атканыбызга 25 жылдан ашты. Менин жашоом кимге кызык?
P.S. Айтмакчы батыш, сатышы, грант, пранты жок эле эсил кайран СССР убагында эң алдыңкы кызылчачы, саанчы, мугалим, жылкычы, тикмечи ж.б. мыкты айымдар депутат болуп, эң жогорку кызматтарда иштеп келген. "Биз аркылуу депутат болдуңар" деп төш каккылап, Америка ачпай эле коюшса...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости