www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровду кимдер билбейт? “Түнкү кырсык”, “Белгисиз маршрут”, “Кумар” ж.б. көркөм тасмалары, “Шайтан көпүрө”, “Сөйкө” өңдүү чакан тасмалары менен таанымал. Ал “Тазар” кинокомпаниясынын ээси, “Айтышфильм” киностудиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Кинорежиссер учурда эмне иш менен алек болуп атканын айта отурду.

-- Темир мырза, кино тартуучулук жаатта акыркы жаңылыктар менен ой бөлүшүңүз?..

-- “Табылга” деген кинотасмамды бүтүрүп атам. Адамдын ыйманы тууралуу. Учурда адамдардын баары жандүйнөдөн мурда байлык менен бийликке алдырып, көңүл чордону ушул жакка бурулууда. Мындай жат көрүнүшкө туруштук берүү өтө кыйын болуп турган кез. Өзөгү күчтүү адамдар калдыбы, алар барбы? Мына ушу тууралуу тасма. 

-- Саясат жыттанабы?

-- Саясаттын жыты жок. Биринчи планга ачкөздүктү алып чыктым. Байкашымча, дүйнөдөгү конфликттин баары ачкөздүктөн чыгып аткан сыяктуу. Биз “мамлекет өнүкпөй-өспөй атат” дейбиз. Өзүңүз билесиз, өткөн кылымдын 70-жылдардын аягында кандай жашадык эле, супнабор алчубуз... Кээ бир азык-түлүктү алыш үчүн кезекке турган учурлар байкалган. Бир айылда бир же эки машине болчу. Ошону кыялданган адамдарыбыз да жок эмес экен. Эми бүгүнкү жашоону салыштырып көр, эмнени кааласаң баары бар. Ар бир үйдө экиден машине, бирөөсүн той-топурга, бирөөсүн жумушка барып келгени минет. Үйүнөн өз колу менен тамак жасабай калгандар да арбын. Жашоо кыйла жакшырды. Бирок ачкөздүк менен ооруп калып, жандүйнөсүн талкалап аткандар четтен табылат. Адамдар напсибизди тыя албай калдык. 

-- Хронометражы канча, башкы ролду ким ойноду?

-- Бир саат кырк мүнөт. Башкы ролду Эгемберди Чалабаев ойноду. Аялдын ролун Сайра Момунбаева аткарды. Актерлук чеберчиликтерине таазим этем. Оюмдагыдай ойноп беришти. 

-- Бюджети канчага турду? Алар кайдан каржыланды?

-- 5 миллион сомдон ашты. Жарым акчасы “Кыргызкино” департаментинен, жарымы өзүмдүн “Тазар” кинокомпаниямдан болду. Эмир Сарпашев мырза жардам берди, ага алкыш айтам.  

-- Тасма качан жарык көрөт?

-- Апрелдин аяк ченинде. Учурда монтаждоо иши кызуу жүрүп жатат жана музыкасын шөкөттөп жаздырып жатабыз. 

-- Келечекте дагы кандай пландар бар?

-- Пландар жок эмес. Кудай буюрса, бир планыбыз бышып жетилип калды. Мына ошол тасма саясат жыттанып тургансыйт. Эчтеке боло электе эле баардык сырды ачпай, айтпай турайын, кези келгенде айтабыз. Кинотасманын сценарийи даяр...      

Сурат Жылкычиев 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости