www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен жолугуп, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылды.

Тажикстанга расмий сапар менен барган президент Садыр Жапаровду Душанбедеги аэропорттон Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода тосуп алды.

Жапаровдун сапардын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолугары күтүлүүдө. Мурдагы маалыматтарда алардын кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылган.

Президентти коштоп барган Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына төмөнкү жетекчилер кирди:

тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстөмбеков;

транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;

өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Белгилей кетсек, 27-28-июнь күндөрү Жапаров Түркмөнстанга расмий сапар менен барып, андан соң Душанбеге учкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости