www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаев жеке бийлигин сакташ үчүн универсалдуу аракеттерди жасады. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

“Казакстанда 2-январдан баштап эл толкуп энергоресурстардын баалардын кымбатташына каршы нааразычылыктардын билдиришти.

Биз Кыргызстандыктар Казакстандагы болуп жаткан окуяларды кызыгуу жана тынчсыздануу менен байкап турдук. Анткени мындай көтөрүлүш биздин башыбыздан бир нече жолу өткөн. Казакстан биздин коңшу мамлекет, казак эли биздин бир тууган эл.

Казакстанда 30 жылдан ашык Назарбаев жана анын кланы башкарып келе жатат. Казакстандын жер алдында эбегейсиз көп кең байлыгы бар. Бирок табигый байлыктарын алигархтар жана чет элдик компаниялар өз кызыкчылыгына тоноп келе жатат.

Нурсултан Назарбаев жеке бийлигин сакташ үчүн универсалдуу аракеттерди жасады. Казакстанда акыркы болгон окуялар жалпы Республикалык эл ишенген оппозициялык лидер жок экенин көргөздү. Себеби анын баарын Назарбаев жок кылган. Жалгыз лидер өзү калган.

Эл тааныган тажырыйбалуу, билимдүү потриот оппозиция бул улуттук байлык. Анткени өлкөдө кризистик ситуация болгондо же шайлоо болгондо эл ат алмаштырып, чарчаганын четке чыгарып жаңы саясий күч менен көчтү улаш керек.

Назарбаев өзүнөн башканы калтырган эмес экен, эл көтөрүлүп чыкты. Элдин кыймылын жетектеген, алар үчүн жоопкерчиликти ала турган саясий күч жок болгону билинди”, - деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости