www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына “Казак-кыргыз арасы” аттуу ыр менен бөлүшүп, пост жазган.

«Мен бул ырды азыр уктум. Буга чейин уккан эмес экем. Кыргыз менен казактын жакындыгын даңазалаган бир далай эле ырларды, айтыштарды уккан элем. Бирок бул ыр өзгөчө ыр экен. Эки элдин ажырагыс бир туугандыгын, тамыры, өзөгү бир эл экендигин даңазалап ырдашыптыр. Сөзү кыргыздыкы болсо, обону казактыкы экен. Казак менен Кыргыз — илгертен бери баштарына түшкөн көп-көп кыйынчылыктарды бирге жеңип келген бир тууган эл»,- деген ал.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровдун бул посту тууралуу үн катты. Ал чындыгында эле эки эл тамырлаш, тагдырлаш, кыйынчылыкты бирге жеңип келген эл экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости