www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Токтогул суу сактагычынын жанынан өтүп бараткандар тарткан видео тарап жатат. Анда алар суу сактагычта суунун калбай калганын айтып, көрсөтүүдө.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүн, 1-апрелге карата Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард 716 миллион куб метрди түзөт. Туура бир жыл мурда 3 миллиардга көп болчу.

Белгилей кетсек, суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык деңгээл 5,5 миллиардды түзөт.

Суунун агып кириши секундасына 174 куб метр, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 313 куб метрге жеткен.

Эске салсак, адистер буга чейин 2008-жылы адам фактору, суунун агызылышы жана Токтогул суу сактагычындагы көлөмдү үнөмдөө электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө алып келгенин айтышкан. Кыргызстандыктар ошол мезгилде суткасына алты сааттан жарыксыз отуруп калган. Ушундай эле картина 1997-жылы жана 2014-жылы да байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости