www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылы 23-июнда Стамбулда катуу жааган жамгырдын жана мөндүрдүн кесепетинен шаардын Европа жана Азия бөлүктөрүндө бир катар көчөлөр суу астында калды. Эсенюрт району өзгөчө жапа чеккен.
Аба ырайынын кесепетинен бир адам каза болду. Стамбул губернаторунун милдетин аткаруучу Али Эрликайдын айтымында, маркум 30 жаштагы сириялык киши болгон. Дагы бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген.
Ал эми Түркиянын ири шаарларынын бири Стамбулда нөшөрдөн кийин суу ташып, жер көчүп, андан сырткары куюн жаралды.
Жолдун жээгинен тартылган видеодо суунун үстүнөн бийиктиги бир нече метрге жеткен куюндун уюлгуп, чоң күч менен кетип бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал жээкке жетпегени менен эпкини жүк ташыган автоунааны аңтарып кеткен. Шамал дарактарды кулатып, ондогон автоунаалар менен имараттарга зыянын тийгизген. Шаарлар электр жарыгысыз калышкан. Ошол аймактагы базарда соода кылгандар товарын таппай, өздөрү кайда жашынарын билбей калгандыгын айтышууда.


Булак: NazarNews.kg